​Сапар Исаков баштаган алты кишиге Тарых музейи жана ат майдан боюнча айып тагылды

  • 5 лет мурун


Тарых музейи жана ат майдан боюнча мурунку алты аткаминерге айып коюлду

Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде депутат Алмамбет Шыкмаматовдун суроосуна жооп бергенде билдирди.

Жамшитовдун айтымында, Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлган.

Төмөнкү адамдарга кылмыш иши козголгон: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев.

Башкы прокурор мында иштен мамлекеттик бюджетке 247 млн. сомдук зыян келтирилгенин айтты.

Анын 101,6 млн. сому музейден, 145,9 млн. сому ат майданды оңдоодогу коррупциядан келтирилген зыян.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты