​Алгачкы немис көчмөндөрү Таласта жашаган

  • 5 лет мурун

15-апрелде Президент Сооронбай Жээнбеков Мюнхен шаарында бизнес форумда сөз сүйлөп, Кыргызстандагы алгачкы немис көчмөндөрү Таласта жашаганын белгиледи.

140 жыл мурда эле ата-бабаларыбыз экономикалык кызматташтык боюнча кыйла ийгиликтерди жаратканын белгилеп, мындай деди:

“Алгачкы немис көчмөндөрү Кыргызстандын Талас шаарында жайгашып, чарба жүргүзүүнүн үлгүсүн көрсөтүшкөн.

Немистердин жер иштетүү ыкмалары, тегирмендери жана нан бышыруучу жайлары кыргыз айылдарына гана эмес, Борбор Азиядагы бардык жашоочуларга үлгү болгон» деди Президент.

XX кылымдын 90-жылдарына чейин Кыргызстанда 100 миңге жакын немис жашаган кошумчалай кетти мамлекет башчы.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты