Жээнбековдун Германия сапары: Флориан Херманн менен жолугушуу

  • 5 лет мурун

Мюнхен шаарында Бавария мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер жана ЖМК маселелери боюнча мамлекеттик министри Флориан Херманн менен жолугушту.

Флориан Херманн Германиянын Канцлери жана Президенти менен жолугушуунун алдында анын Баварияга келгенине кубанганын жана бул достук кадам экенин белгиледи.

«Бүгүн сиздерди абдан кызыктуу жолугушуулар күтөт жана алардын бири — Мюнхендин илимий-изилдөө борбору да болуп эсептелген айыл чарба ишканасына баруу», — деди.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүү деңгээлине канааттануу билдирди.

Эки тараптуу соода-экономикалык өз ара мамилелерди активдештирү жөнүндө айтып, айыл чарбасы, туризм, гидроэнергетика тармактарында, энергиянын жаңыланма булактары жана тоо-кен чөйрөлөрүндө Кыргызстандын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин баса белгиледи.

Айта кетесек бул күндөрү Президент Сооронбай Жээнбеков Германияда расмий сапарда жүрөт.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты