​КСДП: “Бабановго карата чагымды бийлик гана уюштурушу мүмкүн”

  • 5 лет мурун

“Бабановго карата чагымчыл имиштерди таратууга кимдир -бирөө эмес, Ак үй кызыкдар” деп билдирди КСДП партиясы 12-апрелде.

КСДП басма сөз кызматы билдирүүсндө мындай деди:

«Бул жолу кеп фейсбуктагы «Алмазбек Атамбаевдин Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын митингинде баш- аламандыкты уюштуруу планы» туурасында жүрүүдө. Алтургай, «эки –үч адамды» атып салуу планы бар экени да айтылууда.

Биз бул кадыресе адамдык моралдын нормаларынан чыгып кеткен чагымды четке гана какпай, мындай имиштер Президенттикке экс-талапкер Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсүнөн коркуп жаткандар тарабынан атайын таратылып жатканын да билдиребиз. Маалым болгондой, шайлоодо аны дээрлик 600 миң шайлоочу колдоп чыкканы белгилүү.

Бабановго тийиштүү болгон объектилер боюнча шашылыш түрдө кылмышка куугунтуктоо уюштурулуп жатканына жана жергиликтүү бийликтер анын тарапташтарынын тынч митингдерди жана концерттерди өткөрүүсүнө орой түрдө тыюу салып жатканына караганда, коомчулукта мунун баары Ак үй тарабынан жасалып жатат деген пикир барган сайын басымдуулук кылууда. Демек, чагымчыл имиштерди таратууга кимдир бирөө эмес, Ак үй кызыкдар.

КСДП жана анын жетекчилери менен Бабановдун ортосунда Кыргызстандын саясый турмушунун көптөгөн маселелери боюнча пикир келишпестиктер гана болушу ыктымал, бирок биз башка адамдардын жана партиялардын өз пикирине ээ болуу укугуна дайыма урматтоо менен мамиле кылабыз» деди КСДП.

Айта кетсек, Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга бүгүн, 13-апрелде, келбей калды. Өзүнүн кайрылуусунда Бабанов анын келишинен пайдаланып, үчүнчү күчтөр дүрбөлөң уюштурганы жатканын айтып, элдин бейпилдигин, тынчтыгын жогору коерун баса белгилеп, тынчтык митингин токтотууну өтүндү.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты