​Казакстан БШКсы президенттик шайлоого 12 миллиард теңге сурады

  • 5 лет мурун

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү үчүн 12 миллиард теңге (30 миллион доллардан ашык) сурады.

Бул тууралуу өлкөнүн каржы министринин орун басары Берик Шолпанкулов сенаттын 11-апрелдеги жыйынында билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

«Бүгүн БШК шайлоо өткөрүүгө 12 миллиард теңге бөлүп берүүнү өтүндү. Азыр анализ жүргүзүп, болжолдуу чыгымдарды эсептеп жатабыз. Жыйынтыгында бул сумма азайышы дагы мүмкүн», – деди Берик Шолпанкулов.

Анын айтымында, суралган сумманын 70 пайызы шайлоодо иштеген кишилердин айлыгына берилет.

Мекеменин маалыматына караганда, 2015-жылдагы президенттик шайлоого беш миллиард теңгеге жакын каражат жумшалган.

9-апрелде мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, өлкөдө 9-июнда кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты