Баланы уурдоого шектүүлөр акча өндүрмөк болушкан
- 4 years мурун
Кант шаарында 12 жаштагы Даниил Браилкинди уурдоого шектелип кармалгандар болжолдуу маалымат боюнча анын ата-энесинен акча өндүрүүнү максат кылышкан.
Алар баланы Бишкек шаарындагы гараждардын биринде кармашкан жана балким эртең анын ата-энесине телефон чалышмак болгон.
Даниилди уурдоого шектүүлөр– 1988-жылы туулган Эдуард жана 1987-жылы туулган Владимир.
Болжолдуу маалымат боюнча кылмышка шектүүлөр баланын ата-энесин тааныган жана акча өндүрүүнү максат кылышкан.
11-апрелде эртең менен саат 8:40 тарда Кант шаарындагы №2 кичи райондо мектепке бараткан Даниил Браилкинди белгисиз кишилер ак түстөгү “Хонда-Фит” машинасына салып кеткени тууралуу Чүй облустук милициясы маалымат берген.
Баланы салып кеткен машина “Яндекс.Такси” болгон.
Бул факты Кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине “киши уурдоо” беренеси боюнча катталган.
Сүрөт: Чүй ИИБ басма сөз кызматыныкы.