Уурдалган бала табылды

  • 5 лет мурун

Кант шаарында бүгүн, 11-апрелде, белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалды деп маалымдалган 12 жашар Даниил Браилкин Бишкектеги панорама тараптан табылды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Баланы жабык гаражда кармашкан.

Тергөө жүрүп жатат.

Даниил Браилкинди бүгүн эртең менен саат 8:40 тарда Кант шаарындагы №2 кичи райондо мектепке баратканда белгисиз кишилер ак түстөгү “Хонда-Фит” машинасына салып кеткени тууралуу Чүй облустук милициясы маалымат берген.

Баланы салган машина “Яндекс.Такси” экени белгилүү болгон.

Бул факты кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине “киши уурдоо” беренеси боюнча катталганы маалымдалган.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты