Чүй облусунда бейбаштыкка шектүү айдоочу кармалды
- 2 недели мурун
Чүй облусунда бейбаштыкка шектүү айдоочу кармалып, ага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 7-январда Сокулук районунда «Руль» аталышындагы рейддик-алдын алуу иш-чаранын жүрүшүндө, саат болжол менен 00:00 чамасында Шопоков шаарынын “Жаңы конуш” турак жай массивинде BMW X5 үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Айдоочу Сокулук райондук наркология бөлүмүнө жеткирүү чечими кабыл алынган.
Текшерүү учурунда унааны И.А. аттуу жаран башкарып жүргөнү аныкталып, ал транспорт каражатын башкаруудан четтетилген. Жеткирүү учурунда, Сокулук айылынын Фрунзе көчөсүнө жакын жерде, ал айдап бара жаткан унаадан секирүүгө аракет кылган, бирок милиция кызматкери тарабынан кармалып калган.
Наркология бөлүмүнө жеткирилген учурда айдоочу одоно сөздөрдү айтып, милиция кызматкерине күч колдонгон. Натыйжада милиция кызматкери денесинен жаракат алып, формалык кийими да жабыркаган.
Наркологиялык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгына ылайык, И.А. аттуу жаран мас абалында болгон. Милиция кызматкерине соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси, бейбаштык боюнча кылмыш иши козголду. 1993-жылы туулган И.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөөнүн жүрүшүндө аталган айдоочу жол кыймылынын эрежелерин мурда да бир нече жолу бузганы аныкталды. 2022-жылдын 18-февралында Toyota Land Cruiser 100 үлгүсүндөгү унааны башкарып жатып, Сокулук айылында эки мектеп окуучусун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жабыркагандардын экөө тең оор дене жаракаттарын алышкан. Бул факт боюнча кымыш-жаза 312-беренеси, автотранспорт айдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу жана 144-беренеси, эаблануучуну коркунучта калтыруу боюнча кылмыш иштери козголуп, сотко жөнөтүлгөн.
Териштирүү иштери улантылууда.
Сүрөт: Чүй облустук ИИББ




