​Бабанов Кыргызстанга 13-апрелде келет

  • 5 лет мурун

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга ишемби күнү,13-апрелде, учуп келээрин фейсбук баракчасы аркылуу билдирди жана авиа билетинин сүрөтүн жарыялады.

“Күндү кечиктирбей, мен үчүн эң сүйүнүчтүү болгон кабарды сиздер менен бөлүшөйүн дедим. Бишкекке учканга билет сатып алдым. Кудай буйруса ушул ишембиде, 13 апрелде, саат 14:50дө Кыргызстаныма учуп келем. Сиздер менен жүз көрүшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам! Жакында көрүшкөнчө, кымбаттуу элим!” деди Бабанов.

Өмүрбек Бабанов кечээ НТС каналы аркылуу бир жарым жылда биринчи жолу журналисттерге интервью берип, өзү эмне себептен чет өлкөгө чыгып кеткенин, өзүнө козголгон кылмыш иши, Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин мамилеси ж.б. тууралуу маек курган жана жакында келээрин айткан.

Бабанов буга чейин ага козголгон кылмыш иши боюнча тергөөчүлөргө жооп берүүгө даяр экенин инетрвьюда билдирген.

Ага «2017-жылы президенттик шайлоо учурунда улуттар аралык кастыкты козуткан деген айып тагылган. Ошондой эле бийликти басып алууга аракет жасады деген да беренелер менен айып тагылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты