​ЖЭБ боюнча сот процесси өтүүдө

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 10-апрелде, Бишкек шаарынын Свердлов районунда Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча сот процесси өтүп жатат.

Айыпталуучулардын жактоочулары айыпталуучуларды сот учурунда камактан бошото турууну суранды, бирок мамлекеттик айыптоочулар алардын талабын канаатандырган жок.

ЖЭБди модернизациялоо боюнча коррупция фактысы менен сегиз адамга кылмыш иши ачылган. Алар— экс-премьерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Энергохолдинг” компаниясынын башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялар” ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов, “Энергохолдинг” компаниясынын башчысынын орун басары Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов, финансы министри Ольга Лаврова айыпталып жатат.

Тергөө ЖЭБди модернизациялоо үчүн Кытайдан алынган 386 миллион доллар каражаттты пайдаланууда коррупцияга жол берилген деп эсептейт.

Экс-премьер Сапар Исаков айыптоолордун негизи жок экенин, бул Сооронбай Жээнбеков тарабынан уюштурулган саясий куугунтук деп эсептөөдө.

Сүрөттөр: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты