​Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга жакында келе турганын билдирди

  • 5 лет мурун

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов НТС каналына интервью берип, Кыргызстанга жакында өз ыктыяры менен келе турганын билдирди.

2017-жылы Президентикке талапкер болгон Бабанов шайлоодон утулуп. чет өлкөгө кетип калганынын себебин айтып берди:

“Шайлоо оңой болгон жок. Ал жерде команда иштеди, өтө эмоционалдуу, конкуренттүү күрөш болду…» “Ден соолугумду чыңдап алайын деп, сыртка, клиникага кеткем” деди.

“Канткенде менин тарапташтарыма куугунтукту сактап калам дегенде, саясаттан кетүү, мандатты тапшыруу, Кыргызстанга бир жыл келбей туруу боюнча шарттар коюлганын” айтты.

Ошол шартты аткарып, ал өзү бир жыл эмес, бир жарым жыл келбегенин билдирди.

“Мен Кыргызстанга келсем, анда толкуп турган элибиз, чыгып, жабыркап калмак. Мен аны каалаган жокмун” деди ал.

“Ушул күнгө чейин Алмазбек Атамбаев менен да, Сооронбай Жээнбеков менен да сүйлөшкөн жокмун. Бирок менин жакындарым Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүп жатты, алар менин келишимди каалады” деди.

“Берилген саясий куугунтук, ойлонуп табылган Он-Адыр иши бүгүнкүгө чейин жабыла элек” деди Бабанов.

“Мен өз ыктыярым менен келе жатам». «Мыйзамдуу түрдө жооп берүүгө даярмын» деди Өмүрбек Бабанов.

Айта кетсек, Өмурбек Бабановго 2017-жылы президенттик шайлоо учурунда Он-Адырдагы сүйлөогөн сөзү боюнча улуттар аралык кастыкты козуткан деген айып тагылган.

Сүрөт: НТС

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты