​Бабанов саясатка кайтып келеби?

  • 5 лет мурун

Мурдагы премьер-министр, “Республика” партиясынын мурдагы лидери, 2017-жылы Президентикке талапкер болгон Өмүрбек Бабанов фейсбук баракчасына жазып, бүгүн кечинде анын НТС телеканалына берген интервьюсу уктурулаарын билдирди.

“Урматтуу кыргызстандыктарым! Миржан жетектеген НТС каналынын тобу менен жана Мирсулжан менен жолугуштум, туруктуу колдоо көрсөтүп келгендерине абдан ыраазымын. Анан 1,5 жылдан бери алгачкы жолу интервью бердим… Кичине көнүкпөй калганым сезилди.

Бүгүн саат 19:40 та НТС телеканалынан жана менин Facebook’тагы баракчамдан көрүңүздөр” деди Бабанов.

2017-жылдын ноябрь айында Өмүрбек Бабановго улуттар аралык араздашууну козгогон деп айып тагылган.

Андан кийин Бабанов саясаттан биротоло кеткендигин жарыя кылган жана чет өлкөгө кетип калган.

Нооруз майрамында Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келээри тууралуу кыйытып айткан. Буга жооп катары УКМК эгер Бабанов келе турган болсо, ал камалаарын билдирген.

Сүрөт: Бабановдун фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты