​Камчыбек Ташиев Өкмөттү таратууну сунуштады

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев бүгүн, 9-апрелде, жалпыга маалымдоо каражаттарына жыйын өткөрүп, саясий реформа жасоону, Өкмөттү таратууну сунуштады.

Ташиев өлкөдө чыңалып бараткан саясий абалды жөнгө салуу үчүн соттук-укуктук реформа жасоону тездетип жана Өкмөттү таратууну сунуш кылды.

Ташиев азыркы көйгөйлөрдү чечүүгө Өкмөт жөндөмсүз деди.

—Бир жарым жыл аралыгында бийлик эч нерсе жасаган жок. Шайлоо убагында Президент убада берген, аларды аткаруу керек. Мигранттардын саны өсүп жатат, себеби бизде маселе чечилген жок, -деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев 2010-жылы Жогорку Кеңеш депутаты болуп, андан кийин бийликти күч менен басып алууга айыпталып, камакка алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты