​Грузия: 11-12-класстардагы бүтүрүү экзамени жоюлат

  • 5 лет мурун

РИА Новости агенттиги билдиргендей, Грузия парламенти мектептерде 11-12-класстардын бүтүрүү экзамендерин жоюу тууралуу Өкмөттүн чечимин кечээ, 8-апрелде, үчүнчү окууда бекитти.

Демилгени парламенттин 80 депутаты колдоп, 8 и каршы чыкты.

Грузияда мектеп 12 жылдык болуп, акыркы класстар бүтүрүү экзаменин беришчү.

Билим берүү министрлиги 11-класстын экзамени 2019-жылы, 12-класстыкы 2020-жылы жоюлат деген чечим кабыл алган.

Бүтүрүүчүлөр ал чечимге каршы чыгып, Премьер-министр Мамука Бахтадзе бүтүрүү экзамени 2019-жылы жоюларын билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты