​Акча жумалыгы башталды

  • 5 лет мурун

Кыргызстанда бүгүн, 8-апрелде, акча жумалыгы башталды. Ал 14-апрелге чейин созулат.

Бул тууралуу Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Сыдыков басма сөз конференцияда билдирди.

Акча жумалыгы Кыргызстанда бешинчи ирет өтүп жатат. Ал «Үйрөн. Сакта. Иштеп тап» деген ураандын алдында өтөт.

Иш-чаранын максаты балдарды, дегеле калктын бардык катмарын финансыны туура пайдаланууга үйрөтүү болуп саналат.

Улуттук жана коммерциялык банктар мектептерде, жогорку окуу жайларда ж.б. окутуу иш-чараларын, конкурстарды өткөрөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты