Кош бойлууларга—акысыз

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарындагы №136 багыттагы кичи автобустун бири кош бойлууларды акысыз ташыйт.

Кээде борбор шаардагы бир кичинекей көрүнүшкө көңүлүң жылыбай койбойт. Ошондой бир ирмемге күбө болуп калдым. №136 багыттагы кичи автобустун бири «Беременным бесплатно» —«Кош бойлууларга акысыз» деген жазууну илип коюптур. Башкача айтканда ким кош бойлуу болсо, жол кире төлөбөйт экен.

Жазуунун жеке өзүмө тиешеси жок. Бирок кошкат аялзатын сыйлоо, урматтоо мамилесине ыраазы болдум.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты