​Экс-президент Атамбаев укук коргоочу Азиза Абдурасуловадан кечирим сурады

  • 5 лет мурун

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-апрелде, КСДПнын съездинен кийин журналисттер алдында кыскача сөз сүйлөп, акырында укук коргоочу Азиза Абдурасуловадан кечирим сурады.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кыскача сөзүнүн аягында мындай деди:

—Биздин катарыбыз ар дайым ачык, ар бир адамга сүйүнөбүз, өзгөчө жарандык коомго, Азиза Абдурасуловага рахмат! Эгер менден күнөө кетсе кечирип койсун. Мен баарына ыраазымын, -деди экс-президент.

Ал эми Азиза Абдурасулова экс-президент Алмазбек Атамбаевди кечиргенин, анын чөкпөй, амандыкта болушун тиледи.

—Аларды кызматта турганда сындайлы, ал эми кызматтан кеткенден кийин кичине сыйлап үйрөнөлү, — деди укук коргоочу.

Алмазбек Атамбаев Президент кезинде, 2016-жылы, укук коргоочулар Азиза Абдурасулова менен Төлөйкан Исмаилованы чет элдик грантты акташ үчүн аракеттенгендер деп сындаган. Азиза Абдурасулова убагында ал сөзгө теригип ыйлаган жана Төлөйкан Исмаилова экөө мамлекет башчыны сотко берген. Сот алардын арызын канааттандырган эмес.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты