Президенттик аппарат кызматкерлери «Ата-Бейитте» ишембилик өткөрүштү

Президенттик Аппараттын кызматкерлери бүгүн, 6-апрелде, элдик Апрель революциясынын 9 жылдыгы алдында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде ишембилик өткөрүштү.

Президенттик аппараттын кызматкерлери арча, кайың бактардын көчөттөрүн отургузушту.

Жамгыр жаап турганына карабастан, алар Апрель баатырларына таазим иретинде өздөрүнүн парзын аткарышты.

Мекен үчүн жанын курмандыкка сайып койгон элдик баатырларыбыздын элеси эч качан унутулбайт.

Апрель элдик революциясынын баатырларынын ысымы түбөлүк жашай бермекчи.

Айлана-тегеректе алча-өрүктөр тегиз гүлдөп, жашоонун шарапаты уланууда.

Сүрөттөр: Султан Досалиев

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты