​УКМК: Зилалиевдин айткандары чындыкка дал келбейт

  • 5 лет мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин кайрылуусунда айткандары чындыкка дал келбей турганын билдирди.

-УКМК анын кезектеги билдирүүсун кылмыш жоопкерчилигинен катуу максатында бул маселени саясий өнүткө буруу аракети катары баалайт, деди УКМК өкүлү.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-апрелде, камактагы Дүйшөнбек Зилалиев УКМК кызматкери андан экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берип, ага Жылуулук электр борборунун ишине байланыштуу «кытай компаниясынан 1 млн доллар алып бергем» деп сунуш кылды» деп билдирген.

Дүйшөнбек Зилалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты