​Кыргызстан аркылуу Россияга баңгизат ташыгандар кармалды

  • 5 лет мурун

Улуттук Коопсуздук Комитетинин Коррупциялык кызматы 30-мартта Ош эл аралык аэропортунан коңшу мамлекеттердин биринин жарандары 1993-ж.т. Ш.А., 1986-ж.т. С.Г., жана 1987-ж.т. С.С. кармады.

Аталган кылмыштуу топ Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу баңгизаттарды Орусияга жекирүү максатын көздөшкөн.

Багажды текшерүү учурунда жашыруун сактоочу жай табылып, жалпы салмагы 3 килограммдан ашык 57 брикет табылган.

Алдын ала-маалыматтар боюнча өзгөчө жыты бар, табылып алынган заттар «героин» баңги заты болуп эсептелинет.

Бул факт боюнча КР УКМК Тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Аталган жарандар Ош шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты