​Дүйшөнбек Зилалиев УКМК кызматкери “Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бер” деп айтканын билдирди

  • 5 лет мурун

Камакта жаткан Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы, мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн, 2-апрелде, жактоочусу аркылуу “УКМК кызматкери аны Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бер” деп айтканын ачык кайрылуусунда билдирди.

“Өткөн төрт айда мен бир да жолу суракка чакырылган жокмун. Жакындарыма жана туугандарыма басым жасоо аркылуу мага кысым жасашты. Мен болсо мага эмне деп айтаар экен деп күтүп жаттым” деди Зилалиев.

“Жакында баары белгилүү болду. Мени УКМК кызматкери чакырып алып, Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бер” деди.

“Мага эмнеге басым көрсөтүп жаткандары эми белгилүү болду. Мени сындырып, Атамбаев менен кызматташтыкка байланыштырууга аракет жасашты”.

“Атамбаевге кайсы бир лицензияга уруксат берүү боюнча кытай компаниясынан Илмиянов аркылуу 1 млн доллар алып бергем” деп айт дешти. Эгер ушундай көрсөтмө берсем, УКМК тергөө абагынан чыгарып, күбө катары өтөрүмдү айтты. Албетте, мен ага макул болгон жокмун. Эми мага козголгон кылмыш иш буюртма экени белгилүү болду. Иштин акыйкат чечилерине үмүт өчтү” деди Дүйшөнбек Зилалиев.

“ЖЭБ жана башка иштер боюнча Атамбаевди жармаштырууга болбой калды. Эми аны мен аркылуу жармаштырууга аракет кылышты. Мына, коррупцияга каршы күрөшүү!” деди Зилалиев.

Айта кетсек, мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевди мыйзамсыз байыган деп айыптап, камакка алышкан. Анын декларациясында көрсөтүлбөгөн үйлөрү, квартиралары, банк эсебиндеги бир нече миллиондогон акча каражаттарын, 100 миң доллар ж.б. байлыктарын табышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты