​Журналист УКМКдан сегиз сааттан кийин кое берилди

  • 5 лет мурун

КЛООП басылмасынын кабарчысы Анна Капушенко 1-апрелде саат 9:30да адвокаты менен Улуттук коопсуздук боюна мамлекеттик комитетине суракка кирип, ошондон 8 сааттан кийин, кечке жуук, саат 19дар чамасында коё берилди.

КЛООПтун баш редактору Элдияр Арыкбаев «Азаттыкка» журналисттин узак кармалышы УКМКда сурактын кеч башталышы менен байланыштуу болгонун билдирген.

Арыкбаевдин маалыматы боюнча, Анна Капушенко суракка тендер чырларын иликтеген комиссиянын мүчөсү катары чакырылган. Бул анын КЛООПтун редакторлугуна тиешеси жок.

1-апрелде таңында Анна Капушенконун батиринде УКМКнын кызматкерлери тинтүү жүргүзүшкөн. Анын үйү адвокатты катыштырбай тинтилген. Тинтүү учурунда коопсуздук кызматкерлери журналисттин ноутбугу менен телефонун алып коюшкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты