​Кыргызстан аркылуу транзит жолу менен чет элдиктерди ташыгандар табылды

  • 5 лет мурун

Улуттук Коопсуздук Комитети Ички иштер органдарынын жана Чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянат пайдаланган фактыларын аныктады.

2019-жылдын март айларында «Манас-аэропорту» көзөмөл-өткөрмө пунктунун кызматкери Чек ара кызматынын прапорщиги М.Д. Ирандын алты жаранынын паспортун тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасынын базасына мыйзамсыз каттап, 900 АКШ доллар өлчөмүндө акча алып, КР аймагына киргендиги тууралуу жасалма мөөр басып берген.

УКМК чогулткан материалдардын негизинде, Аскер прокуратурасы тарабынан 2019-жылдын 27-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 320- (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 329- (кызматтык жасалмачылык) жана 329-беренесинде (пара алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты