Россия менен Кыргызстандын ортосунда кандай келишимдерге кол коюлду? Карточкалар
- 6 лет мурун
- Мультимедиа
Өткөн аптадагы эң башкы окуя-Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамалекеттик сапары болду.
Путиндин сапарынын алкагында 700 гө жакын ишкер, аймак жетекчилери, университет ректорлору иш-чараларга катышкан.
Сапардын жүрүшүндө 30 га жакын келишимге кол коюларын президенттин аппараты жарыялаган эле.
Владимир Путиндин бир күндүк сапарынын жүрүшүндө 17 келишимге кол коюлуп, Кыргызстан-Орусия аймактар аралык конференциянын жүрүшүндө эки өлкөнүн ишканалары ортосунда жалпы баасы 6 миллиард 135 миллион долларлык 53 инвестициялык жана соода макулдашуулар бекитилди.
Келишимдер кайсылар болду?
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!