​Мирзиёев аткаминерлерди кол чаап, жагалданууну токтотууга чакырды

  • 5 лет мурун

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аткаминерлерди дүркүрөтө кол чаап, ыгы жок кооз сөз айтууну токтотуп, ар бир адам менен даректүү иштөөгө чакырды.

Бул тууралуу ал 29-мартта Бухара облусуна болгон сапары маалында айтты.

Өабекстан млекет башчысы аткаминерлердин бардык иштери менен пландары элдин кызыкчылыгында болушу керектигин белгиледи.

«Кол чаап, ыгы жок кооз сөздөрдү айтууну токтотуп, ар бир үй, ар бир адам менен даректүү иштөө керек. Мунун жыйынтыгы ар бир көчөдө, ар бир жарандын жашоосунда сезилиши керек», – деди Мирзиёев.

Өзбекстанда аткаминерлер Шавкат Мирзиёевдин дээрлик ар бир сөзүн дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп турушат. Маркум президент Ислам Каримовдун тушунда дагы ушундай эле көрүнүш болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты