​“Макмалга” “Мансон груп” 75 млн доллардан ашык инвестиция салат

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызалтын» жана «Мансон Групп»жоопкерчилиги чектелген коому ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлушуна байланыштуу «Макмал» алтын кенин мындан ары карай иштетүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык колдоо кызматы кабарлады.

2019-жылдын 27-мартында «Кыргызалтын» ААК жана «Мансон Групп» ЖЧК ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлган.

Бул келишимде «Макмал» алтын комбинатынын базасында биргелешкен ишкана түзүү каралган. Биргелешкен ишканадагы «Кыргызалтын» ААК үлүшү 30% түзөт, ал эми «Мансон Групп» ЖЧК үлүшү – 70%.

«Макмал» алтын кенин мындан ары карай иштетүүгө кыйла пайдалуу шарттарды сунуштаган «Мансон Групп» компаниясын сынактын жеңүүчүсү деп тааныды.

Инвестициялык келишимге ылайык, инвестор өзүнүн каражаттарынын эсебинен геологиялык чалгындоо иштеринин жыйынтыктарын эске алуу менен 75 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо жүргүзөт.

Бул инвестициялык келишимди ишке ашыруу комбинатка 800 адамды ишке орноштурууга жана Тогуз-Торо районунун 1315 жашоочусун тармактык эмес ишканаларда жумуш менен камсыздоону шарттайт.

«Мансон Групп» компнаиясы алтын өндүрүүчү фабриканы эксплуатацияга берүүгө чейин жыл сайын чегерүүлөрдү ишке ашырууга же аны 10 млн сом өлчөмүндө модернизациялоого милдеттенет, ал эми фабрика ишке берилген соң жыл сайын чегерүүлөрдүн өлчөмү биргелешкен ишканалардын жылдык дүң кирешесинин 2% түзөт.

Бул келишимдин алкагында инвестор калкты жумуш менен камсыз кылууну кеңейтүү жана аймактын экономикасын өнүктүрүү үчүн бир катар ишканаларды курууну пландап жатат, бул – сүт жана кыш модулдук заводдору, балды кайра иштетүү модулдук заводу, поликарбонат күнөскана-модулдук комплекси, май куюучу жай, дүкөн, мини-маркет, кафе, жарманке, май куюучу жай алында эки кабат отель, үч кабаттуу мейманкана-туристтик комплекси.

Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Айбек Кожошев белгилегендей, райондун жашоочулары алтын ишканасында өндүрүштүн жандануусу пландалып жатканы жана кендеги иштердин башталышы тууралуу жаңылыкты дилгирлик менен кабыл алышты.

«Сиздердин эсиңиздерде болгондой, 32 жыл бою иштеген алтын иштетүүчү комбинат 2018-жылдын сентябрынан баштап, жабдуулардын эскилиги жеткенине жана алтын өндүрүү азайганына байланыштуу өз ишин токтоткон.

Өз убагында комбинат 29 млн сом жергиликтүү бюджетке жана 50 млн сомдун тегерегинде республикалык бюджетке каражат чегерип турган.

Карапайым жашоочулар Тогуз-Торо районундагы жалгыз өндүрүштүк ишкана болуп саналган «Макмал» кенинде иштин жандануусун күтүп жатышат», – деди Айбек Кожошев.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты