​“Жибек жолу” интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

  • 5 лет мурун

5- 28-апрелде Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде “Жибек Жолу” интерактивдүү көргөзмөсү өтөт.

Көргөзмөнүн максаты—Улуу Жибек жолу боюндагы өлкөлөр жөнүндө маалымат берүү, шаарларды, мамлекеттерди бириктирген бул байыркы жолдун учурдагы статусун жана келечегин көрсөтүү.

Кыргызстан — Улуу Жибек жолунун таманында жайгашкан өлкөлөрдүн бири. Соода кербендери өлкөбүздүн Ош, Өзгөн, Баласагын, Суяб, Барскан, Ат-Башы, Тоң сыяктуу орто кылымдагы шаарлары аркылуу өткөн.

Көргөзмөгө Кыргызстан, ошондой эле Жибек жолундагы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азарбайжан, Түркмөнстан, Кытай, Индия, Иран, Түркия, Монголия, Япония, Түштүк Корея, Пакистан, Афганистан жана Россия элчиликтери катышат.

Иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан “Кийиз дүйнө” коомдук фонду менен бирге өткөрүлөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты