Жээнбеков жана Путин Айтматовдун үй-музейине барышты
- 6 лет мурун
Бүгүн, 28-мартта, Президент Сооронбай Жээнбеков жана Президент Владимир Путин Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты.
Президенттер жазуучунун үй-бүлөсү менен маектешти, Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов музей жана атасынын өмүр жолу, чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.
Президенттер үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыгышты, эстелик жазуулар Китебине каалоо жазышты.
Муну бөлүшүү