​Гендерлик теңчилик абалы кандай?

  • 5 лет мурун

Эртең, 29-мартта, Кыргыз Өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун системасы менен бирдикте гендерлик теңчиликти баалоо боюнча улуттук жыйын өткөрөт.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Анда Пекин декларациясынын ишке ашырылышы, Кыргызстандагы кыз-келиндердин абалы талкууланат.

25 жыл мурун Пекин платформасы дүйнөлүк IV конференцияда гендерлик теңчилик багыттарын аныктаган.

Бул гендерлик теңчилик боюнча улуттук стратегияны аныктоодо базалык документ болуп калган.

Жыйын 29-мартта саат 9:30 да “Дамас” конференц-залында өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты