​ИИМ экс-министри Конгантиевдин иши боюнча сот отуруму өттү

  • 5 лет мурун

Биринчи май райондук сотунда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иши боюнча сот отуруму 27-мартта өттү.

Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымдады.

Анын айтымында бүгүнкү отурумда Конгантиевге 2005-жылы 24-март окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча күбөлөр суралды.

Алардын бири Улуттук банктын Жалал-Абаддагы филлиалынын мурдагы жетекчиси Мелис Батырбеков Конгантиевге эч кандай дооматы жок экенин билдирген.

Ошол кезде Батырбековдун уруп- сабоого кабылып жатканын көрүп туруп Конгантиев жардам берген эмес деген айып коюлган. Айткуловдун айтымында, сотто Батырбеков Конгантиев анын үй-бүлөсүн алып чыгып кетүүгө жардам бергенин билдирген.

Ошол кезде Молдомуса Конгантиев Ички иштер башкармалыгынын жол кыймылын башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

Экс-министр Конгантиевге козголгон иш “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен кыскартылып кеткени өткөн жылы ачыкка чыккан.

Бул маалыматты ошол эле жылдын 18-июнунда УКМК бышыктаган.

Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөө чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Башкы көзөмөлдөөчү орган анын эртеси эле атайын кызматтын ишти токтотуу тууралуу чечиминин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө баа бериле турганын маалымдаган.

2018-жылдын 12-декабрында Башкы прокуратура мурдагы ички иштер министри УКМКнын Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча чечимин жокко чыгарган. Натыйжада иш кайра жанданган.

Конгантиевге 2005-жылы 24-марттан, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.

Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев 2008-жылдын январынан 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашууга чейин Ички иштер министрлигин жетектеген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты