Владимир Путинди тосуп алуу (Фоторепортаж)
- 7 лет мурун
- Фоторепортаж
Бүгүн, 28-мартта, Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.

Эл аралык “Манас” аэропортунан Владимир Путинди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Расмий жолугушуу бүгүн мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтөт.

Мамлекет башчылары чакан курамда жолугушат, андан кийин Кыргыз-Россия сүйлөшүүлөрү эки өлкөнүн делегациясынын катышуусунда өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат. Кыргызстандын жана Россиянын мамлекет башчылары жалпыга маалымдоо каражаттарына биргелешкен билдирүү жасашат.

Ошондой эле мамлекет башчыларынын кыргыз-орус регион аралык VIII конференцияга катышуусу жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине баруусу күтүлүүдө.
Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы кабарлады.
Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматыныкы.




