Казакстан: Дарига Назарбаева алгачкы жыйын өткөрдү
- 5 лет мурун
Казак сенатынын төрайымы Назарбаева алгачкы жыйын өткөрдү.
Анда мажилистен келген мыйзам долбоорлору, анын ичинде 2019-2021-жылкы республикалык бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштар комитеттер ортосунда бөлүштүрүлдү.
Сенаттын сайтындагы расмий билдирүүгө ылайык, Назарбаева жыйында 4-апрелде карала турган «республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесине өзгөчө көңүл бурду».
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева жогорку палатанын төрайымы кызматына 20-мартта дайындалган.
Анын талапкерлигин убактылуу президент катары ант берген күнү Касым-Жомарт Токаев сунуштаган. Эгер учурдагы мамлекет башчы кызматтан кетсе, президенттин ыйгарым укуктары Сенаттын башчысына өтөт.
Назарбаеванын талапкерлигин парламент депутаттары бир добуштан колдоп беришкен. Мындан тышкары алар Токаевдин 20-марттагы бир нече сунушун, анын ичинде Астананын аталышын Назарбаевдин урматына Нур-Султан деп өзгөртүү жана аны мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо сунушун жактырышкан.