​60 миң сом жана 1700 долларды ким алдап алган?

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын ИИБ Криминалдык милиция кызматы алдамчылыкка жана уурулукка шектелгендерди кармады.

2019-жылдын 26-февралында Октябрь райондук ИИБге К.Д. атуу аял К. аттуу жаран аны алдап, 60 миң сом акчасын жана 1700 долларын алып кеткени тууралуу арыз менен кайрылган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси менен кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Криминалдык милиция тарабынан бул кылмышка шектелип, 1979-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну, ИИМде кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган А. К. кармалган

Ал эми 2018-жылдын 27-мартында Свердлов районунун ИИБине А.Р. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анын Осмонкулов көчөсүндөгү үйүнө белгисиз кишилер кирип документ сакталган металл сейфин уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-кодексинин 164- беренеси (эски редакция) боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектелип, 1995-жылы Талас облусунда туулган, бир канча жолу соттолгон, кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМ каттоосунда турган Д.А. аттуу жаран кармалды


.

Аталган фактылар боюнча тергөө жүрүп жатат.

Сүрөттөр: Бишкек шаардык ИИБдики.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты