​Сооронбай Жээнбеков: “Биз үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейбиз!”

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция күнүнө байланыштуу кайрылуусунда эч качан үй-бүлөлүк башкарууга жол бербей турганын билдирди.

“Тилекке каршы март революциясы максатына жетпеди. Таза жана калыс бийлик орнотуу тууралуу элибиздин асыл максаты ишке ашпай калды.

Бийлик дагы, коомчулук дагы Аксы окуяларынан, Март жана Апрель элдик революцияларынан сабак алууга милдеттүү. Биз үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейбиз!” деди мамлекет башчы.

Эске сала кетсек, 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция «Жоогазын революциясы» деген ат менен белгилүү болуп,. анда эл коррупциясыз, адилеттүү коом курууга түп көтөрүлүп чыгып, бийлик алмашкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты