2005-жылдын 24-мартындагы окуялар эгемен Кыргызстандын тарыхындагы орчундуу окуя катары эсте калды   

  • 3 месяца мурун

24-март — элдик революция, жоогазын революциясынын  күнү. 2005-жылдын 24-мартындагы окуялар эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң орчундуу окуя катары эсте калды.

Президент Садыр Жапаров бул күнү менен куттуктоолордун биринде 24-марттагы революциянын маанисин мындайча белгилеп кетти эле.  

-Бийликке нааразы болгон жарандарыбыз ошол күнү өлкөнүн бардык булуң-бурчунан агылып келип, ордо калаабыздын тургундары менен чогуу парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, президенттин бийликтен кетүүсүн талап кылышты. Кыргыз элинин бул күнү революцияга белсенип чыгуусуна бир катар терс көрүнүштөр, атап айтканда, адилетсиз бийлик менен мыйзамсыздыктын, үй-бүлөлүк башкаруунун орнотулушу менен жеке кызыкчылыктын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюлушу себеп болду.

Кыргыз эли — байыртадан эле эрки күчтүү, кайраттуу, адилетсиздикке эгерим моюн сунбаган эл. 30 жылдык эгемен жашоосунда өлкөбүз кандай гана окуяларды баштан кечирген жок! Саясий толкундоолор менен коронавирус пандемиясы, оор жоготуулар менен экономикалык кыйынчылыктар сыяктуу оорчулуктарга карабастан, саясий эркиндикке жана демократияга умтулуу мүдөөсүн моюбай сактап келет.

Биздин алдыбызда Кыргызстанды өнүккөн өлкөгө айландыруу максаты турат. Өлкөбүздө стабилдүүлүк үстөм болуп, мыйзамдар аткарылып турса, мамлекетибиз сөзсүз өнүгүү жолуна түшөт. Ал үчүн жарандарыбыз жапа тырмак аракеттенип, алган багытыбыздан тайбайлы. Элибизде ар дайым биримдик, ынтымак-ырашкерлик, жергебизде тынчтык болсун!- деп айтылган куттуктоодо.

2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция «Жоогазын революциясы» деген ат менен белгилүү болгон, анда эл коррупциясыз, адилеттүү коом курууга түп көтөрүлүп чыгып, бийлик алмашкан.

Архивдик сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты