​Астананы Нурсултан деп атоого каршы болгондорду милиция кармап кетти

  • 5 лет мурун

Астананын акимчилигинин алдына 21-мартта баш калаанын аталышын өзгөртүүгө каршы нааразылык акцияга чогулгандарды полиция кармап кетти.

Ондон ашык киши автобуска күчтөп отургузулуп, полиция департаментине жеткирилди.

Алардын бири Зауре Сагидолдина акимчилик жайгашкан аянтка келе жатканда полиция кармап кеткенин «Азаттыктын» казак кызматына билдирди.

Сагидолдина полиция ага өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылына козголгон кылмыш иштерине байланыштуу күбө катары суракка алып келингени тууралуу түшүндүрмө берген. Бирок кайсы кылмыш иши экенин так айткан эмес.

Касым-Жомарт Токаев ант берүү аземинде Астанага тунгуч президент Нурсултан Назарбаевдин ысымын ыйгарууну сунуштаган. Токаев буга Астана Назарбаевдин эрдиги менен курулганын жүйөө катары келтирген:

— Биздин улуу замандашыбыз — Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымын төмөнкү жолдор менен түбөлүккө калтыруу зарыл деп эсептейм: биздин баш калаабыз анын ысымын алып, Нурсултан деп аталышы керек. Мындан тышкары биздин мамлекеттин баш калаасында Казакстандын биринчи президентинин айкели тургузулат.

Ал тапта Интернетте шаардын аталышын референдум өткөрбөй эле өзгөртүү мыйзамсыз деген негизде эки петиция жарыяланып, анын биринде эки миңдей, экинчисинде 29 миңден ашуун кол топтолду.

Ушуну менен соңку 25 жыл ичинде Казакстандын ордо калаасын үчүнчү ирет өзгөртүү аракети көрүлүп жатат. Советтик доордогу Целиноград шаары Казакстан эгемендик алгандан кийин Акмоло деп аталып, 1998-жылы Астана деп өзгөртүлгөн.

Казакстандын Конституциясына ылайык, баш калаанын аталышы жалпы элдик добуш берүү аркылуу өзгөртүлүүгө тийиш.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты