УКМК: «Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келсе, жоопко тартылат»

  • 5 лет мурун

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартылат.

Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

Сулайманов Бабановдун өлкөгө кайтуу ниети боюнча кабарларды комментарийлеп, “мыйзам чегинде жоопко тартылат” деп билдирди.

Буга чейин “Республика — Ата Журт» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга бир айдын ичинде келерин фракция депутаты Максат Сабиров билдирген.

«Республика — Ата Журттун» депутаттары Максат Сабиров, Руслан Казакбаев, Мирлан Жээнчороев жана Кенжебек Бокоев Орусияга барып, Өмүрбек Бабанов менен жолугуп келгени да айтылган.

Бабанов 21-мартта фейсбук тармагында кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, “жакында көрүшкөнчө” деп жазган.

«Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда «анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Ошондой эле ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты