Казакстанда жаңы Президент Касым-Жомарт Токаев ант берди
- 6 лет мурун
Казакстанда жаңы президент Касым-Жомарт Токаев ант берип, президенттик кызматка киришти.
Касым-Жомарт Токаев ант бергенден кийин Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы мамлекет башчынын эн белгисин тапшырып, президент деп жарыялады. Токаев 2020-жылдагы шайлоого чейин президент болот.
19-мартта Нурсултан Назарбаев мамлекеттик телеканал аркылуу элге кайрылып, бийликтеги ыйгарым укуктарын токтоторун жарыялады.
Назарбаев Коопсуздук кеңеш төрагасы жана “Нур Отан” партиясын жетектеп калмакчы.
Муну бөлүшүү