​Казакстан: Окуучулар белгисиз заттан ууланды

  • 5 лет мурун

18-мартта Шымкенттеги № 54 мектепте 38 окуучу белгисиз заттан ууланып, ооруканага жеткирилди.

Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына Шымкент шаардык ден соолукту сактоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматтарга караганда, иске уулангандардын арасында бир мугалим менен бир техникалык кызматкер бар.

«24 адам дарыгерлердин жардамынан кийин үйүнө кайтты. 12 киши ооруканада жатат” – деди ден соолукту сактоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Лаура Накым кызы.

Мектептен жүздөй мугалим жана техникалык кызматкер, ошондой эле 877 окуучу эвакуацияланган.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Мектепте газ болгон эмес. Өзгөчө кырдаалдар департаментинин алдын ала маалыматы боюнча ис мектеп аймагына сырттан келиши мүмкүн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты