​“Мигранттарга каршы” маанайды жөнгө салуу үчүн—Якутияга

  • 5 лет мурун

Якутияда кыргызстандык мигранттар жергиликтүү тургунга зомбулук көрсөттү деген маалыматтан улам мигранттарга каршы митингге чыгып жаткандар менен сүйлөшүү үчүн КР миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов ал жакка жөнөдү.

Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Саха Республикасындагы (Якутия) мамлекеттик орган өкүлдөрү жана жергиликтүү калк менен сүйлөшөт.

Бул тууралуу КР Миграция кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Айта кетсек, бүгүнкү күндө Якутияда 10 миңдей кыргызстандык жаран эмгектенет.

Жакында кыргызстандык мигранттар тобу жергиликтүү аялга зомбулук көрсөттү деген маалыматтан улам, ал жакта митингге чыгып жатышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты