Якутиядагы жарга кулаган автобуста 13 киши каза тапкан. Анын үчөө — Кыргызстандын жарандары
- 1 год мурун
Тышкы иштер министрлиги 20-июлдан 21-июлга караган түнү Россиянын Саха Республикасынын (Якутия) Нерюнгри районунда жол кырсыгы болуп, “Чыгыш Денисовская» шахтасынын кызматкерлерин ташыган автобус жарга кулап түшкөнүн билдирди. Кырсыктын кесепетинен 13 адам каза болду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын 3 жараны: М.У.М., 1981-жылы туулган, К.у.К., 1991-жылы туулган жана Э. А., 2000-жылы туулган каза тапты.
Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинин Якутск шаарындагы кеңсеси каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтүп, анын ичинде сөөктү Мекенине жеткирүүнү уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.
Бул маселе министрликтин жана РФдагы КР элчилигинин көзөмөлүндө турганы маалымдалды.
ЖМКнын маалыматы боюнча, 20-июлдан 21-июлга караган түнү Якутиянын Нерюнгрин районунда вахталык жумушчуларды ташып бара жаткан автобус 30 метрлик жардан кулап, андан кийин ала салып кеткен. Авария учурунда автобуста 33 киши болгон. 13 киши каза болуп, 20 киши жаракат алган. Бул окуя боюнча Нерюнгри шаарынын прокуратурасы кылмыш ишин козгогон.
Сүрөт: Саха (Якутия) Республикасынын прокуратурасынын басма сөз кызматы




