​Баткен районунун прокурорунун орун басары пара менен кармалды

  • 5 лет мурун

Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитети Баткен райондук прокурорунун орун басары Т.Т. пара талап кылып жаткандыгы боюнча фактысын аныктады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

2019-жылдын 13-январында Баткен шаарынын ИИБ тарабынан Өзбекстандын жарандары У.Н. жана А.Ф. ижарага алган үйдө өрт чыккан фактысы боюнча сотко чейинки иш катталган.

Соттук-өрт-техникалык экспертизанын жыйынтыгы боюнча өрттүн себеби электр зымдарынан деп табылган.

2019-жылдын 2-февралында бул факт боюнча Баткен шаарынын ИИБ КР Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 2-п. 1-б. боюнча (кылмыш курамынын жоктугу) жана ошондой эле 27-февралда кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлугүн аныктоо үчүн Баткен райондук прокуратурасына өткөрүлгөн.

Бул материалды кароо Баткен райондук прокурорунун орун басарына тапшырылган.

2019-жылдын 12-мартында Т.Т. материалдык баюу максатында Өзбекстан жараны У.Н. жумуш кылганга уруксат берүүчү документтери жок деген шылтоо менен чакырып, маселени оң жагына чечип берүү үчүн 30 миң сом талап кылгын.

14-мартта У.Н. Башкы прокуратурага кайрылган арызынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлгөн.

2019-жылдын 16-мартында Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана ички тергөө бөлүмү тарабынан биргеликте өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө, Баткен райондук прокуратурасынын орун басары Т.Т. 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган жаран УКМК тергөө-камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты