​Террордук топтун дагы бир мүчөсү кармалды

  • 5 лет мурун

Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети Сирияда согушка катышкан, эл аралык террордун топтун мүчөсү, Баткен облусунун тургуну С.К. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны 7-мартта кармады.

С.К КМШ өлкөлөрүнүн биринде эмгектенип жүрүп социалдык тармактар аркылуу эл аралык террордук уюмдун эммисарларынын таасирине кабылып, алгачкы жоокердик даярдыктан өткөн.

Эл аралык торрордук уюмдун башчыларына ант берип ,Сириядагы эл аралык террордук бандиттик түзүлүштөргө кошулуу максатында “жихадга” катышкан.

Башка өлкөлөрдүн эл аралык торрордук жалданма тобунун катарында болуп, андан нары Түркияга учууну пландаштырган.

Азыркы убакта УКМК тарабынан С.К. га карата Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренесинин (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) жана 395-беренеси (Жалдануучулук) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштери тергелүүдө.

Кармалган жаран УКМК Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты