​Сирияда согуштук даярдыктан өткөн кыргызстандык кармалды

  • 5 лет мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ички иштер министрлиги менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн КР жараны, Ош облсунуну тургуну И.А.Ш.ны 8-мартта кармады.

Кармалган жаран 2015-жылы КМШ өлкөлөрүнүн бирине иштөөгө кетип, эл аралык террордук уюм эмиссарларынын көзөмөлүнө түшкөн.

Сирия Өкмөтүнө каршы “жихадга” катышуу максатында Түркияга, андан ары Сирияга кеткен.

Согуштук даярдыктан өткөндөн кийин И.А.Ш. жалданма киши катары куралдуу жаңжалдарга активдүү катышкан.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс боюнча) 375-беренеси (Жалданмачылык) боюнча кылмыш иши козголуп издөөгө берилген.

Ал УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул иш боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы маалымдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты