​ЖОЖ кызматкери 33 миң сом пара менен кармалды

  • 5 лет мурун

Бишкектин жогорку окуу жайларынын биринин кызматкери 33 миң сом пара доолап кармалды.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин криминалдык милициясына Чүй облусунун 33 жаштагы тургуну Ж.А. кайрылган. Ал университеттин кызматкери андан сессияны тапшырыш үчүн акча доолап жатканын билдирген.

Текшерүү учурунда аныкталгандай, кызматкер 2018-2019-жылдардагы сессия үчүн 33 миң сом пара доолаган.

Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 238-беренеси, мамлекеттик мекеме кызматкеринин пара алгандыгы боюнча айып коюлган.

5-мартта Биринчи май райондук сотунан санкция алынып, сотко чейинки текшерүү жүргүзүлгөн.

Анда аныкталгандай, А. Ж. жогорку окуу жайынын контракттык бөлүмүнө 2014-жылы өтүүнү чечкен.

Документин тапшырып жүргөндө ЖОЖ кызматкери менен таанышып, ал 200 долларга аны окууга өткөрүп бере турганын айткан. Бирок күзүндө айткан ЖОЖдо орун жок, башкасына өткөрөм деген.

Ошентип, ал окуу жайга өткөрүп, 2014-жылдан бери ЖОЖ кызматкери сессияга жана контракттык негиздеги окууга деп, бардыгы болуп, 230 миң сом алган.

Ал эми “студент” 2019-жылы гана 2014-жылы ал университеттин алдындагы колледжге гана өткөнүн, бирок ошол эле жылы окуудан чыгарылып калганын билген.

ЖОЖдун кызматкери О. А. 2019-жылдын 6-мартында дагы сессияга деп 33 мин сом доолап, аны алып жаткан жеринен кармалган.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты