​Кыйын жашоодогу балдардын маалымат базасы түзүлөт

  • 5 лет мурун

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова 11-мартта өткөн ювеналдык (өспүрүмдөр) юстициясы боюнча кеңешмеде 1-майга чейин кыйын жашоодогу балдардын маалымат базасы түзүлүшү керектигин билдирди.

Өкмөт бүгүнкү күнү коомдо актуалдуу катары таанылган көрсөтүлгөн маселелерге өзгөчө көңүл бурат.

«Коомдо балдарды күч колдонуп тарбиялоо ыкмалары жайылган. Зомбулук ачык көрүнүп турса да, үй-бүлөнүн ишине киришпөө белгилери байкалат. Адамдар балдарды зордук-зомбулук менен тарбиялоого чыдап мамиле кылбоого тийиш. Мындай жүрүм-турум түрүм жалпы коомдо калыптанышы керек. Бул үчүн бардык ресурстар жана колдо болгон аянтчалар тартылышы кажет” деди вице-премьер министр.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан үстүбүздөгү жылдын 1-майына чейин кыйын жашоокырдаалындагы балдардын бирдиктүү маалыматтар базасы иштелип чыгышы тийиш экендигин маалымдады.

Маалыматтар базасы онлайн режимде иш алып барып, ага тийиштүү мамлекеттик органдар кошулат, натыйжада, бул мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжалуулугуна алып келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты