Ысык-Көлдө жер титиреди
- 6 лет мурун
Ысык-Көл облусунда 10-мартта очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 10-мартта болжол менен саат 15:23тө катталган.
Жер титирөө Тоң районунун Туура-Суу, Ала-Баш айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Муну бөлүшүү