Милиция сабады деген иш тергелип жатат

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасына 2019-жылдын 26-февралында А. Асангариев аттуу жаран анын уулун милиция сабады деп кайрылган.

Ал арызында Октябрь райондук ИИБдин №3 бөлүмүнүн милиция кызматкерлери анын уулу Э. Асангариевди сабап салганын, андан кийин уулу Улуттук госпиталга жатып калганын билдирген.

Бул иш боюнча сотко чейинки териштирүү жүргүзүү үчүн Улуттук Коопсуздук Комитетинин Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты