​Венесуэлада электр жарыгы туташ өчтү

  • 5 лет мурун

РИА новости агенттиги 9-мартта билдиргендей, Венесуэлада өлкөнүн энергосистемасын кибер чабуулга алышты деп БУУнун адам укугу боюнча жогорку комиассары Мишель Бачелетке арызданганы турушат.

Бул тууралуу Венесуэланын VTV мамлекеттик каналынан Байланыш жана маалымат министри Хорхе Родригес билдирди.

Венесуэлада электр энергиясынын туташ өчүрүлүшү өлкөдөгү ири “Эль-Гури” ГЭСиндеги авариянын кесепетинен болгон.

Улуттук электрэнергия корпорациясы муну диверсия жана Венесуэлага каршы энергетикалык согуш көрүнүшү катары баалады.

Венесуэланын Байланыш жана маалымат министри АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана америкалык сенатор Марко Рубио Венесуэланын энергетика тармагында эмне болорун алдын-ала билген, анткени алар соцтармактарда тез байланышка чыга калышты деди.

Жакында өлкөгө келе турган БУУнун адам укугу боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелетке электр энергиясынын туташ өчкөнүн билдирип, айткандарга далилди көрсөтөбүз деди.

Сүрөт: РИА новости агенттиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты