Telegram колдонуучуларын интернетти изоляциялоого каршы акцияга чакырды

  • 5 лет мурун

Telegram мессенджери колдонуучуларын Орусияда интернетти изоляциялоого каршы акцияга чакырды.

Андай билдирүү сервистин расмий каналында пайда болду.

Анда интернетти изоляциялоого каршы акцияны 10-мартта Москва, Хабаровск жана Воронеж шаарларында өткөрүү пландалып жатканы жазылган.

«Роскомнадзор Telegramдын Орусияда иштешине тоскоолдук жаратуу максатында 10 айдан бери күн сайын миңдеген IP-даректерге бөгөт коюп келет. Орусияда кабыл алынып жаткан мыйзамдын максаты өлкөдө жалпы цензура киргизүү. Бийлик миллиарддаган рубль коротуп, Орусияны башка дүйнөдөн ажыратып коюуну көздөп жатат», – деп жазылган анда.

Рунетти изоляциялоо тууралуу мыйзам долбоору Мамлекеттик Думанын кароосуна былтыр декабрда алынып чыккан.

Анын авторлору Федерациялар кеңешинин комитет башчысы Андрей Клишас менен Мамдуманын депутаты Андрей Луговой.

Алар интернеттин орусиялык сегменти жалпы интернетке көз каранды болбостон автономдуу иштей турган техникалык мүмкүнчүлүк түзүүнү сунуштап жатышат.

Мыйзам долбоорун ЖМК, социалдык түйүн колдонуучулары жана телекоммуникациялык тармактын айрым катышуучулары сынга алышкан.

Былтыр апрелде Telegramдын негиздөөчүсү Павел Дуров колдонуучуларды мессенджердин тосмолонушуна каршы Москвада акцияга чыгууга чакырган. Байкоочулардын маалыматына караганда, анда акцияга 12 миңге жакын киши чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты